Иранда көмүр шахтасы урады
Кырсыкта 2 адам каза болуп, 3 адам жаракат алды.
1900524

Ирандын Керман провинциясында көмүр шахтасы урап 2 адам каза болуп, 3 адам жаракат алды.
Кирман Эмгек жана социалдык коргоо боюнча башкы директору Хушяр Ахмади Ирандын расмий маалымат агенттиги IRNAга берген маегинде окуя тууралуу билдирди.
Ахмади : «Кирман облусунун Кухбенан районундагы көмүр шахтасы урап эки жумушчу каза болду»,- деди.
Кирман Кызылайынын төрага орун басары Мухаммед Эмирхани кечээ кечинде жасаган билдирүүсүндө 3 жумушчунун жараланганын, 2 жумушчуну издөө - куткаруу иштеринин уланып жатканын айткан.