ЕККУ Украинадагы эки миссиясын жабат
Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму ЕККУнун Украинадагы Атайын байкоочу миссиясынын (SMM) жана Долбоордук координатордук бөлүмдүн талаа миссиялары Россиянын терс мамилесинен улам жабылат.
Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму ЕККУнун Украинадагы Атайын байкоочу миссиясынын (SMM) жана Долбоордук координатордук бөлүмдүн талаа миссиялары Россиянын терс мамилесинен улам жабылат.
ЕККУдан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта ЕККУнун Туруктуу кеңешиндеги сүйлөшүүлөрдө Россиянын миссиялардын кызмат мөөнөтүнүн узатылышы тууралуу тескери мамилесинен улам макулдашуунун болбогондугу, ушул себептен бул эки миссиянын жабылары белгиленди.
Билдирүүдө Украинада активдүү иш алып барган эки миссия жана согуш башталган 24 - февралдан кыска убакыттан кийин орус күчтөрү тарабынан кармалган ЕККУнун 3 кызматкеринин абалына байланыштуу ЕККУнун кезектешкен башкаруучусу жана Польшанын тышкы иштер министри Збигнев Рау жана ЕККУнун баш катчысы Хельга Шмиддин көз караштарына орун берилди.
Ушуга караганда Польшанын тышкы иштер министри Рау эки талаа миссиясынын ЕККУнун Украинаны колдоо аракеттеринин маанилүү бир бөлүгү экендигин белгилеп : «Ички реформалардын аткарылышына жардам берүү жана сунуш киргизүү, объективдүү маалымат алуу, диалог жок болгон учурда диалогдун курулушуна мүмкүнчүлүк түзүү, эң оор шарттарда украин элинин жыргалчылыгы үчүн тынымсыз иштөөдө маанилүү роль ойноду»,- деди.
«Россия Федерациясынын мамилесинен улам эки миссиянын кызмат мөөнөтүнүн узартылышы тууралуу кандайдыр бир макулдашуунун түзүлө албашынан санааркасак да эч шексиз жабуу чечими, адилетсиздикке дуушар болгон ЕККУнун кызматкерлеринин бошотулушуна мүмкүнчүлүк түзүү чечкиндүүлүгүбүзгө таасир этпейт»,- деген көз карашын бөлүшкөн Рау кызматкерлердин дароо, шартсыз бошотулушун талап кылды.
Баш катчы Шмид бул талаа миссияларынын Украинага кошкон салымынын чоң экендигин баса белгилеп : «Алты айдан ашуун убакыттан бери адилетсиз түрдө жана белгисиз шарттарда камалган кызматкерлерибиздин бошотулушу үчүн күнү - түнү иштөөнү улантарыбызды кайталагым келет»,- деди.