Украина Россиянын жоготуулары тууралуу маалымат берди

Украинанын башкы штабы Россиянын 24 -  февралдан бери 70 миң 250 аскерин жоготкондугун маалымдады.

1899296
Украина Россиянын жоготуулары тууралуу маалымат берди

Украинанын башкы штабы Россиянын Украинага согуш ачкан 24 -  февралдан бери 70 миң 250 аскерин жоготкондугун, акыркы бир күндүн ичинде да 550 аскеринин каза болгондугун билдирди. 

Украинанын Башкы штабынын билдирүүсүндө орус армиясына таандык 273 учак, 252 тик учак, 2 миң 659 танк, 5 миң 401 броне унаа, 1708 замбирек, 380 ракета аткыч жана 195 абадан коргонуу системасынын Украина тарабынан жок кылынганы белгиленди.

Орус армиясына таандык 4107 унаа, 16 кеме, жеңил ылдамдыктагы кайык жана 1406 учкучсуз учуучу аппараттын да жок кылынганы белгиленген билдирүүдө орус армиясы тарабынан учурулган 351 канаттуу ракетанын Украина абадан коргонуу бөлүктөрү тарабынан атып түшүрүлгөндүгү маалымдалды.

Россиянын  коргоо министри Сергей Шойгу 21 - сентябрда Украинадагы согушта 5 миң 937 орус аскери каза болгонун билдирген.

 



Тектеш кабарлар