Сергей Шойгу : "Жарым - жартылай мобилизация аяктады"
Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу өлкөсүндөгү аскердик жарым-жартылай мобилизациянын аяктаганын билдирди.
Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу өлкөсүндөгү аскердик жарым-жартылай мобилизациянын аяктаганын билдирип : «Армияга чакырылгандардын 218 миңи ок атуучу полигондо машыгып, алардын 82 миңи машыгуудан кийин операция уланып жаткан аймакка жөнөтүлдү»,-деди.
Шойгу Россиянын президенти Владимир Путинге өлкөдөгү жарым-жартылай аскердик мобилизация тууралуу маалымат берди.
Мобилизациянын 21-сентябрда жарыяланганын эске салган Шойгу : «Мобилизациянын алкагында 1300дөн ашык ар кандай деңгээлдеги аткаруу органдарынын өкүлдөрү жана 27 миңден ашык ишкер аскерге чакырылды. 13 миң жаран өз ыктыяры менен аскерлерге кошулду. Аскерге келгендердин орточо жашы 35 жашты түздү", - деди.
Аскерге 300 миң жарандын чакырылгандыгын айткан Шойгу : «Аскерге чакырылгандардын 218 миңи ок атуучу полигондордо машыгууда, алардын 82 миңи машыгуудан кийин операция уланып жаткан аймакка жөнөтүлдү. Булардын 41 миңи аскердик бөлүктөрдө иш алып барууда. Мобилизациялоо иштери аяктады»,- деп билдирди.
Шойгу буларды айтты : «Биринчи этапта жоокерлерди керектүү материалдар менен камсыз кылууда көйгөйлөр жаралды. Бул көйгөйлөр чечилди. Бөлүктөргө кошулгандар келишимдик аскер нормасы боюнча керектүү жөлөк пул, форма, техника жана тамак - аш менен камсыз болушту. "
Россиянын президенти Путин да өлкөдө жарыяланган мобилизациянын зарыл экенин белгилеп : «Процесс боюнча тыянак чыгарып, Аскердик тармактагы каттоо системасын жаңылоо керек»,- деди.
Россиянын куралдуу күчтөрүнө керектүү бардык элементтерди куруу тармагында оңдоолордун жасалышы керектигин баса белгилеген Путин, Шойгуга бул багытта керектүү кадамдарды таштоо тапшырмасын берди.