Британия Ковид - 19дун эки жаңы варианты тууралуу маалымат берди
Саламаттыкты сактоо боюнча коопсуздук агенттигинен берилген маалыматта Британияда Омикрон вариантынын көп сандаган суб-версиялары таралып жатканы белгиленди.

Британия коронавирус Ковид - 19дун эки жаңы вариантынын аныкталгандыгын билдирди.
Саламаттыкты сактоо боюнча коопсуздук агенттигинен берилген маалыматта Британияда Омикрон вариантынын көп сандаган суб-версиялары таралып жатканы белгиленди.
Маалыматта кийинки күндөрдө жүргүзүлө турган изилдөөлөр үчүн Ковид 19 вирусунун Омикрон вариантынын суб-версиялары болгон бул түрлөрүнүн BQ.1 жана XBB деп аталгандыгы билдирилди.
BQ.1 жана XBB деп аталган суб - версиясынын иммунитеттен качуу мүмкүнчүлүгүнүн жогору экендиги бирок варианттардын тынчсыздантуучу түр катары аныкталбагандыгы тууралуу маалымат бөлүшүлдү.
Саламаттыкты сактоо боюнча коопсуздук агенттигинен жооптуу доктор Мира Чанд варианттарга каршы мыкты коргонуунун Ковид - 19га каршы чыгарылган вакциналар экендигин баса белгилеп, баарын бардык вакциналарды алууга чакырды.
Европа ооруларды алдын алуу жана көзөмөлдөө борбору 21 - октябрда Европада ноябрь айынын ортосунан декабрь айынын башына чейин BQ.1 суб - версиясынын басымдуу штамм болорун билдирген.
Борбордон берилген маалыматта BQ.1 варианты көп болгон өлкөлөрдүн 19 пайыз менен Франция, 9 пайыз менен Бельгия, 7 пайыз менен Ирландия, 6 пайыз менен Нидерландия жана 5 пайыз менен Италия экендиги маалымдалган.