Ганц: "Түркия глобалдык актер"
Ганц Түркияга сапарынан кийин Анкара Эсенбога аэропортунда түрк журналисттерине билдирүү жасады.
Израилдин коргоо министри Бенни Ганц өлкөсүнүн Түркияны экономикалык жана коргоо тармагы менен бүткүл аймактын ырааттуулугун камсыздоодо карым-катнаштарын өнүктүрө ала турган глобалдык актер катары эсептегенин айтты.
Ганц Түркияга сапарынан кийин Анкара Эсенбога аэропортунда түрк журналисттерине билдирүү жасады.
Түркия менен Израилдин коопсуздукка байланыштуу көптөгөн сыноолордон өткөнүн белгилеген Ганц: «Коргоо тармагында кайрадан түзүлгөн карым-катнашыбыз Ибрахим келишиминин да оң таасири менен Жакынкы Чыгыштын ырааттуулугуна жана коопсуздугуна салым кошот»,-деди.
Эки өлкөнүн тең аймакта ырааттуулукту, коопсуздукту жана гүлдөп-өнүгүүнү камсыз кылууну максат кылганын, террор менен күрөшүүнүн кызматташтыкты талап кылганын белгилеп: «Президент (Режеп Таййип) Эрдоганга, (Улуттук коргоо) министри (Хулуси) Акарга жана коопсуздук күчтөрүнө террор коркунучу астындагы Израиль жарандарына жана жөөт жамаатына карата кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирем»,- деп айтты.
Ганц ошондой эле өз тобуна туруктуу мамилелерди сактоону жана диалог каналдарын ачык кармоону тапшырганын билдирип: «Израиль Түркияны экономикалык тармакта, коргоо тармагында жана бүткүл аймактын ырааттуулугун камсыздоодо карым-катнашыбызды өнүктүрө ала турган глобалдык актер катары эсептейт»,- деди.