Сомалидеги кургакчылыктан жапа чеккендер
БУУнун баш катчысынын Сомали боюнча атайын өкүлү Жеймс Сван, Сомалиде күчөгөн гуманитардык кризиске көңүлдөрдү бурду.
Сомалиде 1 миллионго жакын адам кургакчылыктан жапа чекти.
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысынын Сомали боюнча атайын өкүлү Жеймс Сван, Сомалиде күчөгөн гуманитардык кризиске көңүлдөрдү бурду.
Өлкөнүн өзгөчө террордук уюм Эш-Шабаабдын көзөмөлүндөгү же кол салуусу астындагы аймактарында 1 миллионго жакын кишинин кургакчылыктан жапа чеккенин белгилеген Сван, уюмга гуманитардык жардамга уруксат берүүгө чакырды.
Сван Африка мүйүзүндөгү өлкөлөрдө болжол менен 7 миллион кишинин кургакчылыктан жапа чеккенин жана көпчүлүгү балдар болгон миңдеген кишинин каза болгонун кабарлады.
Африканын чыгышында 1980-жылдардан берки эң катуу кургакчылык толкуну миллиондогон адамдарга таасирин тийгизди.
Сомали өкмөтү 2021-жылдын 23-ноябрында күчөгөн кургакчылыктан улам өлкө боюнча "өзгөчө абал" жарыялаган.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) Сомалидеги гуманитардык кризис үчүн эл аралык коомчулукка чукул жардам көрсөтүүгө чакырган.