Песков: «Америкалык аскерлер биздин чек арага канчалык жакын болсо, биз үчүн коркунуч ошончолук чоң»

Песков журналисттерге берген маалыматында, АКШнын 101-аба-десанттык дивизиясынын аскерлеринин Румынияга жайгаштырылышы боюнча баа берди.

1898092
Песков: «Америкалык аскерлер биздин чек арага канчалык жакын болсо, биз үчүн коркунуч ошончолук чоң»

Орусиянын Президенттик сарайынын (Кремль) басма сөз катчысы Дмитрий Песков, АКШнын Румынияга аскер жиберүүсүнүн аймакка ырааттуулук алып келбей турганын айтты.

Песков журналисттерге берген маалыматында, АКШнын 101-аба-десанттык дивизиясынын аскерлеринин Румынияга жайгаштырылышы боюнча баа берди.

Бул аскердик бөлүктөрдүн Орусия үчүн кооптуу экенине көңүл бурган Песков: «Америкалык аскерлер биздин чек арага канчалык жакын болсо, биз үчүн коркунуч ошончолук чоң болот»,-деди.

Песков АКШ аскерлеринин аймактагы ырааттуулукту бекемдебегенин баса белгилеп, бул коркунучка каршы чара көрүүнү уланта тургандарын билдирди.

Орусияда Украинадагы согушка карата мобилизацияга жөнөтүлгөндөрдүн аскердик техникасындагы көйгөйлөр тууралуу суроолорго жооп берген Песков, бул техникалар боюнча көрүлгөн катуу чаралардын өз натыйжасын бере баштаганын айтты.

Песков: «Чаралар көрүлүп жатат, бул көйгөйлөр жоюлат»,-деди.

Басма сөз катчысы Песков Украинанын "ыплас бомба" менен террордук чабуулга даярданганын айтып, бул кол салуунун болооруна байланыштуу маалыматтар бар экенин жактады.



Тектеш кабарлар