Мексикада мигранттарды куткаруу операциясы жүргүзүлдү

Операцияда 156 мигрант куткарылды.

1897701
Мексикада мигранттарды куткаруу  операциясы жүргүзүлдү

Мексикада коопсуздук күчтөрү тарабынан адам аткезчилерине каршы бир убакта  уюштурулган эки операцияда көбү венесуэлалык болгон 156 мигрант куткарылды.

Мексика басма сөзүндө чыккан кабарга караганда өлкөнүн Чиапас жана Веракрус штаттарында полиция мигранттрады куткаруу максатында операция жүргүздү. Бир убакта жүргүзүлгөн операцияларда 15 унааны токтоткон полиция 156 мигрантты АКШга алып баруу убадасы менен алдаган аткезчилерден куткарды.

Куткарылган мигранттардын көпчүлүгүнүн Венесуэла, Гватемала, Никарагуа, Эквадор, Сальвадор, Куба жана Гондурас жарандары экендиги билдирилди. Операциянын негизинде 5 аткезчи кармалып, мигранттар коопсуз жерлерге алып барылды. Өлкөлөрүндөгү зомбулук, жумушсуздук жана жакырдык сыяктуу маселелерден улам дагы жакшы турмуш куруу үчүн АКШга барууга аракет кылган мигранттар көпчүлүк учурда адам аткезчилеринин колуна түшүүдө. 

 

 



Тектеш кабарлар