Европа жолунда мигранттрадын өлүмү
Эл аралык миграция уюму IOM жарыялаган отчет акыркы жылдары күчөгөн мыйзамсыз миграция көйгөйүндөгү адамзаттык трагедияны дагы бир жолу ачыкка чыгарды.
Акыркы 8 жылда Европага барууга аракет кылган мыйзамсыз мигранттардын 29 миңден ашуунунун сапар учурунда каза тапканы жарыяланды.
Эл аралык миграция уюму IOM жарыялаган отчет акыркы жылдары күчөгөн мыйзамсыз миграция көйгөйүндөгү адамзаттык трагедияны дагы бир жолу ачыкка чыгарды.
Мыйзамсыз миграцияда эң көп колдонулган жол болгон Жер Ортолук деңизинин дээрлик көрүстөнгө айланганы белгиленген отчетто, 2014 - жылдан бери Европага барууга аракет кылган 29 миңден ашуун мыйзамсыз мигранттын каза болгондугу, алардын 5 миңинин акыркы 2 жылда каза болгондугу маалымдалды.
Отчетто көбүнчө Ливия жана Тунис жээктеринен Италияга же Мальтага барууга аракет кылган мыйзамсыз мигранттардын 2836сынын кемелеринин чөгүүсүнөн же ачкалык жана суусуздуктан каза болгондугу белгиленди.
Деңизсиз миграцияда алдыга чыккан башка бир багыт Түндүк - Африка - Канар аралдары линиясында 2021 - жылдан бери 1500 кишинин каза болгондугу тууралуу маалымат бөлүшүлдү.
Отчетто Грецияда, Батыш Балкандарда жана Ла-Манш жээгинде мыйзамсыз мигранттардын өлүмүнүн көбөйгөнү да белгиленди.
Изилдөөчүлөр чөккөн көптөгөн кемелердин тагдыры белгисиз экенин жана катталбаган өлүмдөрдүн бар экенине басым жасашты.
Тектеш кабарлар
Илхам Алиев Москвада Путин менен жолугушат
Эки лидер актуалдуу аймактык маселелер боюнча пикир алмашат.