EMA жаңы Covid-19 толкуну жөнүндө эскертти

EMA кызматкерлери Ковид-19 жана маймыл чечек эпидемиясындагы кырдаал боюнча маалымат жыйынын өткөрүштү.

1898073
EMA жаңы Covid-19 толкуну жөнүндө эскертти

Европа Биримдигинин (ЕБ) дары-дармектерди жөнгө салуучусу Европа дары-дармек агенттиги (EMA) жакынкы апталарда жаңы типтеги коронавирустун (Ковид-19) толкуну күтүлүп жатканын, күз жана кыш мезгилинде Ковид-19 менен сасык тумоо вирустарынын чогуу байкаларын билдирди.

EMA кызматкерлери Ковид-19 жана маймыл чечек эпидемиясындагы кырдаал боюнча маалымат жыйынын өткөрүштү.

EMAнын вакцина стратегиясынын башчысы Марко Кавалери: «Жакынкы апталарда Omicronдун жаңы суб-версияларынан улам Covid-19дун жаңы толкуну күтүлүүдө»,-деди.

Ковид-19дун ушул күз жана кыш мезгилинде сасык тумоо менен бирге байкаларын белгилеген Кавалери, иммунитети төмөн адамдардын коркунучта экенин эскертти.

Кавалери ооруканага жатуу жана өлүм коркунучун азайтуу үчүн башка негизги оорулары бар жаш балдарды эмдөөгө чакырып, ошол эле учурда 60 жаштан ашкан адамдарга, кош бойлуу аялдарга, өнөкөт оорулары барларга эмдөө жана кошумча дозаларды сунуштады.

Марко Кавалери, маймыл чечеги жөнүндө да «Эпидемиологиялык абал тынчтандыруучу»- деп айтып, учурлардын санынын кескин төмөндөшү менен эпидемиянын көзөмөлгө алынганын айтты.



Тектеш кабарлар