Байден журналисттердин суроолоруна жооп берди

Байден Орусияны эскертти.

1897817
Байден журналисттердин суроолоруна жооп берди

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байден Орусиянын Украинада тактикалык өзөктүк курал колдонуусунун өтө олуттуу жаңылыштык болорун эскертти.

Жо Байден Ак үйдө журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Бир кабарчынын "Орусия, Украинанын ыплас бомба колдонорун айтып жатат. Бул Орусиянын жаңылтуучу операциясына даярдык болушу мүмкүн деп ойлойсузбу?" деген суроосуна Байден: «Эгер Орусия тактикалык өзөктүк куралды колдонсо, бул абдан олуттуу жаңылыштык болот. Сиздерге азыр мунун жалган операция экенине кепилдик бере албайм. Мен бул тууралуу билбейм. Бирок бул өтө олуттуу жаңылыштык болот»,-деп жооп берди.

Орусиянын Коргоо министри Сергей Шойгу Украинанын "ыплас бомбаны" колдонууга даярданып жатканын айтып, Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров да бул өлкөдө радиоактивдүү мазмундагы бомбаларды чыгаруучу технологияга ээ жайлар бар экенин жактаган.



Тектеш кабарлар