АКШнын мурдагы коргоо министри Эш Картер каза болду

Эш Картердин өлүмү тууралуу үй - бүлөсү маалымат берди.

1897635
АКШнын мурдагы коргоо министри Эш Картер каза болду

АКШнын  мурдагы коргоо министри Эш Картер 68 жашында жүрөк оорусунан каза болду.

Барак Обаманын президенттигинин акыркы эки жылында коргоо министри болуп иштеген Картердин үй-бүлөсү бул тууралуу жазуу түрүндө маалымат берди. Маалыматта : "Министр Картердин жекшемби күнү кечинде 68 жашында Бостондо капыстан жүрөк оорусунан кийин каза болгонун терең кайгыруу менен бөлүшөбүз.",- деп билдирилди. 

Обаманын тышкы саясатынын эң талаш - тартыштуу   болгон 2015-2016-жылдары кызмат кылган  Картердин ДЕАШ менен күрөшүү шылтоосу менен ПКК/ЙПГ жикчил террордук уюмга колдоо көрсөтүүдө маанилүү ролу болгон.

Конгресстеги коргонуу сессиясында сенатор Линдси Грэм суроо берген Картер ЙПГнын ПККнын Сириядагы уландысы экенин мойнуна алган.



Тектеш кабарлар