Лапид: "Европанын эң маанилүү газ берүүчү өлкөсү болобуз"

Лапид расмий жолугушуулар үчүн Израилге барган Нидерландиянын премьер-министри Марк Рютте менен борбор шаар Тель-Авивде жолугушту.

1897208
Лапид: "Европанын эң маанилүү газ берүүчү өлкөсү болобуз"

Израилдин премьер-министри Яир Лапид өлкөсүнүн жакынкы келечекте Европанын эң маанилүү газ берүүчү өлкөсү боло турганын айтты.

Израилдин Премьер-министрлигинин расмий интернет сайтындагы билдирүүгө караганда, Лапид расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн Израилге барган Нидерландиянын премьер-министри Марк Рютте менен борбор шаар Тель-Авивде жолугушту.

Израилдин премьер-министри жолугушуудан мурда жасаган билдирүүсүндө, Ливан менен кол коюла турган деңиз чек ара келишимине көңүл буруп: «Бейшемби күнү Ливан менен тарыхый келишимге кол коебуз. Жакынкы келечекте Израиль Европаны газ менен камсыздоочу негизги өлкө болот»,- деди.

Лапид орто жана узак мөөнөттүү келечекте жашыл жана жаңылануучу энергияга чечимдерди табуу үчүн иштөө зарыл экенине басым жасады.

Жолугушууда эки премьер-министр климат жана жасалма интеллект сыяктуу ар түрдүү тармактарда эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн жолдорун, ошондой эле Израиль менен Европанын энергетика тармагындагы кызматташтыгын талкуулашты.



Тектеш кабарлар