Германиянын президенти Украинада

Апрель айында Германиянын президенти да Киевге барууну каалаган, бирок Украина бул өтүнүчтү четке каккан.

1897407
Германиянын президенти Украинада

 Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер Россия - Украина согушу башталгандан бери биринчи жолу Украинага барды.

Штайнмайер борбор шаар  Киевдеги билдирүүсүндө: «Мен бул жерге украиналыктарга колдоо көрсөтүү үчүн келдим»,-деди.

"Украиналыктарга айтарым бул өлкөгө экономикалык, саясий жана аскердик жардамыбызды улантабыз. Абадан  сокку уруу улантылып жаткан учурда  украиндер менен тилектеш экенибизди көрсөтүү үчүн Киевге  келдим",- деди.

Штайнмайер Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугушат.

Зеленский менен Штайнмайер немис муниципалитеттерин кыска убакыттын ичинде украин муниципалитеттери менен жаңы өнөктөштүк түзүү аркылуу кыш мезгилинде жардам берүүгө чакыруусу күтүлүүдө.

Апрель айында Германиянын президенти да Киевге барууну каалаган, бирок Украина бул өтүнүчтү четке каккан.

Бул жагдай Германия - Украина карым  - катнаштарында убактылуу тыныгуу жаратты, бирок сүйлөшүүлөрдөн кийин маселелер чечилди.

 

 

 



Тектеш кабарлар