Сомалидеги жардыруудан көп санадаган киши каза тапты

Террордук уюм Эш-Шабабдын басма сөз катчысы Абдиасис Абу Мусаб кол салуу үчүн жоопкерчиликти алганын жарыялады.

1896741
Сомалидеги жардыруудан көп санадаган киши каза тапты

Сомалинин Кисмайо шаарындагы мейманканада болгон жардыруудан 9 киши каза болуп, 47 киши жараат алды.

Жуббаланддын коопсуздук министри Юсуф Хусейн Думал : «Жардыруудан 9 кишинин каза болгонун, арасында студенттер жана жарандар да болгон 47 кишинин жараланганын» белгилеп, жаралуулардын айрымдарынын абалы оор экенин билдирди.

Кол салуу болгон мейманкананын жанында мектеп болгонун жана көптөгөн окуучунун жараланганын белгилеген Думал 4 кол салуучунун коопсуздук күчтөрү тарабынан таасирсиз абалга келтирилгенин айтты.

Террордук уюм Эш-Шабабдын басма сөз катчысы Абдиасис Абу Мусаб кол салуу үчүн жоопкерчиликти алганын жарыялады.



Тектеш кабарлар