Лавров менен ИКУнун баш катчысы Москвада жолугушту

Лавров Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) баш катчысы Хусейин Ибрахим Таха менен борбор шаар Москвадагы жолугушуусунан кийин маалымат жыйын өткөрдү.

1896994
Лавров менен ИКУнун баш катчысы Москвада жолугушту

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Украинада кир бомбаларды (радиоактивдүү бомбаларды) чыгаруучу технологияга ээ илимий институттар бар экенин ырастап: «Биз бул маселени чечебиз. Мындай провокацияны болтурбоо менен алек болуп жатабыз»,- деди.

Лавров Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) баш катчысы Хусейин Ибрахим Таха менен борбор шаар Москвадагы жолугушуусунан кийин маалымат жыйын өткөрдү.

Украинада кир бомба чыгаруучу технологияга ээ илимий институттар тууралуу атайын маалыматтар бар экенин баса белгилеген Лавров: «Биз ар кандай булактардан бул куру шектенүү эмес жана пландалган болушу мүмкүн деген маалыматты тастыктадык. Биз бул маселени чечебиз. Биз мындай провокациянын алдын алуу менен алек болуп жатабыз»,-деди.

Украинадан эгин экспорттоо боюнча түзүлгөн келишимдерге токтолгон Лавров: «Украина портторунан алынган дандын 5-7 пайызы гана жакыр өлкөлөргө жеткирилет. Дандын жарымы Евробиримдик (ЕБ) өлкөлөрүнө кетет»,-деп айтты.

Лавров: «Биз Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Катчылыгынан, бул операциялардын бардыгына жооптуу жана маалыматтары бар, дандын акыркы керектөөчүлөргө жана акыркы жерлерге жеткирилиши боюнча статистикалык маалыматтарды берүүнү сурандык. Дандык келишимди ишке ашыруу процессин кайра карап чыгуу ушундан көз каранды»,-деди.

Палестина маселесине да токтолгон орус министри: «Бул көйгөйдү эки мамлекеттин чечимдеринин негизинде чечүүнү караган эл аралык укуктун негизин жок кылуу аракетине бөгөт коюу керек»,-деп өз пикирин айтты.

ИКУнун баш катчысы Таха Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка өлкөлөрүнө дан жана айыл чарба продукцияларын ташуу маселесин өлкөлөрдүн биргелешкен аракети менен чечүүгө болорун билдирди.



Тектеш кабарлар