Украина: «Орус аскерлери Херсондогу эки айылдан чегинди»

Башкы штабдан Украинада 24-февралдан бери Орусияга каршы уланып жаткан согушта 22-октябрдагы абалга байланыштуу жазуу түрүндө маалымат берилди.

1896471
Украина: «Орус аскерлери Херсондогу эки айылдан чегинди»

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы орус аскерлери Херсон облусунда көзөмөлдөгөн эки айылдан чыгып, орус офицерлери Берислава шаарынан эвакуацияланганын жарыялады.

Башкы штабдан Украинада 24-февралдан бери Орусияга каршы уланып жаткан согушта 22-октябрдагы абалга байланыштуу жазуу түрүндө маалымат берилди.

Билдирүүдө Украина армиясынын Херсон аймагындагы орус күчтөрү көзөмөлдөгөн конуштарды кайтарып алуу үчүн баштаган каршы чабуул операциясынын уланганы белгиленди.

Билдирүүдө аймактагы орус күчтөрүнүн кээ бир отурукташуу жерлеринен чегинүүгө киришкени белгиленип, «Алынган маалыматка Караганда, душман Чаривне жана Чкалове поселокторунан чыгып кетти, аскердик жана медициналык кызматкерлер Бериславадан эвакуацияланды»,делди.

Билдирүүдө орус күчтөрүнүн Украинанын ар кайсы аймактарына 40 ракета жана 16 ирандык камикадзе учкучсуз учуучу аппараты (УУA) менен кол салганы, Украинанын Абадан коргонуу күчтөрү тарабынан 20 ракета жана 11 учкучсуз учактын жок кылынганы билдирилди.

Украинанын президенттик аппаратынын жетекчисинин орун басары Кирило Тимощенко мурдагы күнү украин армиясы өлкөнүн түштүгүндөгү Херсон аймагындагы 88 калктуу конушту 21-октябрга чейин кайрадан көзөмөлгө алганын жарыялаган.



Тектеш кабарлар