Кытайдагы 3-Цзиньпинг доору...

КПнын 20-Улуттук съезди аяктагандан кийин жаңы бийлик өзүнүн биринчи жыйынын борбор шаар Пекинде өткөрдү.

1896394
Кытайдагы 3-Цзиньпинг доору...

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин үчүнчү жолу Кытайдын Коммунисттик партиясынын (ККП) башкы катчысы болуп шайланды.

ККПнын 20-Улуттук съезди аяктагандан кийин жаңы бийлик өзүнүн биринчи жыйынын борбор шаар Пекинде өткөрдү. ККП Си Цзиньпинди башкы катчылыкка кайра шайлады.

Сиге жакындыгы менен белгилүү болгон Шанхай мэри Ли Чианг Пекин партиясынын катчысы катары экинчи орунга отурду.

Жаңы түзүлгөн администрация менен Си өзүнүн бийлигин партиянын ичинде бекемдеди.

Саясий бюронун мүчөлөрүн тааныштыруу сөзүндө Си Цзиньпин дүйнөгө Кытай керек экенин айтып: «40 жылдан ашык реформа жана ачык-айкын аракеттерден кийин биз эки кереметти жараттык: тез экономикалык өнүгүү жана узак мөөнөттүү социалдык туруктуулук»,-деди.

Си жакынкы 10 жылдын максатын «баардык аспектилери боюнча күчтүү, заманбап социалисттик коом» деп койду.

Си Цзиньпин ККПнын Башкы катчылыгы менен катар Борбордук Аскердик Комиссиянын Төрагалыгына да кайра дайындалды.



Тектеш кабарлар