Ирандын атомдук энергия агенттигине кибер чабуул...

Ирандын Атомдук энергия боюнча агенттигинин Элдик дипломатия жана маалымат бөлүмү агенттиктин электрондук почта серверине киберчабуул жасалганын жарыялады.

1896468
Ирандын атомдук энергия агенттигине кибер чабуул...

Ирандын Атомдук энергия боюнча агенттиги чет өлкөдө иштеген хакерлер уюмдун бир бөлүгүнө кибер чабуул жасаганын жарыялады.

Ирандын Атомдук энергия боюнча агенттигинин Элдик дипломатия жана маалымат бөлүмү агенттиктин электрондук почта серверине киберчабуул жасалганын жарыялады.

Билдирүүдө чет өлкөдө иш алып барган хакерлер мекеменин бир бөлүмчөсүнүн электрондук почта системасын бузуп киришкени айтылган.

Билдирүүдө кибер чабуулдун «коомчулуктун көңүлүн буруу» үчүн жасалганы белгиленип:«Мекеменин бузулган электрондук почталарында өзөктүк иш-чаралар тууралуу жалпы, техникалык жана күнүмдүк маалыматтар камтылган. Кибер чабуулдан кийин мекеменин маалымат жана технология бөлүмү керектүү чараларды тез арада көрдү. Аталган факты боюнча иликтөө иштери башталды», - деп айтылат маалыматта.

Бир тараптан «Кара сыйлык» (Black Reward) кибер хакердик тобу кечээ күнү Ирандын Атомдук энергия агенттигине кибер чабуул жасагандарын жана Ирандын өзөктүк объектилерине таандык 50 гигабайт сүрөт жана маалыматты колго түшүрүшкөнүн жарыялады.



Тектеш кабарлар