Украина : "Россиянын кол салуулары улантылууда"

Украинанын кээ бир аймактарында эртең менен жарылуу үндөрү угулуп,  айрым шаарларда, өзгөчө борбор шаар  Киевде абадан кол салуу белгилери  берилди.

1896281
Украина : "Россиянын  кол салуулары улантылууда"

Россияга  каршы согуш уланып жаткан Украинанын ар кайсы аймактарында эртең мененки сааттарда орус күчтөрү тарабынан кол салуулардын болгону  жарыяланды.

Украинанын кээ бир аймактарында эртең менен жарылуу үндөрү угулуп,  айрым шаарларда, өзгөчө борбор шаар  Киевде абадан кол салуу белгилери  берилди.

Днепр аймагынын губернатору Валентин Резниченко орус күчтөрүнүн аймактагы Марганец жана Никополь шаарларына оор артиллериялык кол салуу  жасаганын жана ал жердеги энергетика инфраструктурасынын бутага алынганын социалдык медиа аркылуу бөлүштү.

Луцк шаарынын мэри Игорь Полищук  билдирүүсүндө орус күчтөрү шаардын энергетика инфраструктурасына ракета менен сокку урганын, шаардын бир бөлүгүндө электр жарыгы өчүрүлгөнүн айтты. Орус күчтөрүнүн Украинанын Николаев, Хмельницкий жана Ровно облустарына да кол салгандыгы билдирилди.

Киевдин мэри Виталий Кличко да  Telegramдан маалымат берип,   борбор шаарда  абадан кол салуу белгилеринин берилгендиигн айтып : "Киевге карай атылган бир канча ракета аймактагы абадан коргонуу күчтөрү тарабынан жок кылынды" ,- деди.

Кол салуу коркунучунун уланып жатканын белгилеген Кличко элди үйлөрдө жана баш калкалоочу жайларда болууга чакырды.

Киевде сиреналардын үндөрү уланууда.

 



Тектеш кабарлар