Израиль Дамаскка ракеталык кол салды

Борбор шаар Дамаск жана элетиндеги аймактарда режим  армиясы менен бирге Иран Төңкөрүш Гвардиясынын буйругундагы террордук топтордун жана өзгөчө Ливан Хизбуллахы элементтеринин бар экендиги белгилүү.

1896244
Израиль Дамаскка ракеталык кол салды

Башар Асад режими Израилдин Сириянын борбор шаары Дамаскка ракета менен кол салгандыгын билдирди.

Асад режиминин маалымат агенттиги САНАнын Израилдин Дамаскка ракеталык кол салуу жасагандыгын билдирген кабарында : «Жарылуу үндөрү угулду. Абадан коргонуу системаларыбыз жооп кайтарды»,- деп айтылды. Кабарда каза болгондор тууралуу маалымат берилген жок.

Борбор шаар Дамаск жана элетиндеги аймактарда режим  армиясы менен бирге Иран Төңкөрүш Гвардиясынын буйругундагы террордук топтордун жана өзгөчө Ливан Хизбуллахы элементтеринин бар экендиги белгилүү.

Асад режими 17 -  сентябрда борбор шаардын Дамаск аэропорту жана 31 – август менен 6 -  сентябрда өлкөнүн түндүгүндөгү Халеп аэропортунун да Израиль күчтөрү тарабынан бутага алынып, убактылуу иштебей жаткандыгы тууралуу маалымат берген.

Израилдик жетекчилер жалпысынан Сирия территорияларына жасалган кол салуулар тууралуу комментарий берүүдөн алыс.

Израиль жарандык согуш башталган 2011 -  жылдан бери Сирияда кээ кээде Иран колдогон топторго жана режимге таандык аскердик жерлерге кол салууда.



Тектеш кабарлар