Украина Путиндин аскердик абалды киргизүү чечимине жооп кайтарды

Украинанын президенттик аппаратынын кеңешчиси Михаил Подоляк социалдык медиа эсебинен билдирүү жасап, Путиндин чечими Украинада эч нерсени өзгөртпөй турганын айтты.

1895298
Украина Путиндин аскердик абалды киргизүү чечимине жооп кайтарды

Украинанын администрациясы Орусиянын президенти Владимир Путиндин аннексияланган Донецк, Луганск, Херсон жана Запорожье аймактарында аскердик абал жарыялоосуна реакция жасады.

Украинанын президенттик аппаратынын кеңешчиси Михаил Подоляк социалдык медиа эсебинен билдирүү жасап, Путиндин чечими Украинада эч нерсени өзгөртпөй турганын айтты.

Подоляк:"Орусия тарабынан оккупацияланган аймактарга "аскердик абалдын" киргизилишин кезектеги "кайра топтоштуруу" аркылуу украин мүлкүн талап-тоноону мыйзамдаштыруу деп гана кароо керек. Бул Украина үчүн эч нерсени өзгөртпөйт. Биз боштондукка чыгууну жана жерлерибизди басып алуудан бошотууну улантып жатабыз",-деп айтты.

Украинанын Коопсуздук жана коргоо кеңешинин төрагасы Алексей Данилов социалдык медиа эсебинен бөлүшүүсүндө Путиндин чечиминин Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) тарабынан айыпталышы керектигин айтты.

Данилов:"Украинанын аннексияланган аймактарында Путиндин аскердик абалы оккупацияланган аймактын этникалык курамын өзгөртүү максатында Украинанын калкын Орусиянын депрессияга кабылган аймактарына массалык депортациялоого даярдык болуп саналат. Бул БУУ тарабынан айыпталууга тийиш болгон кылмыш. Бул кылмыш Орусия тарабынан Крымда жасалган жана жазасыз калган»,-деп өз баасын берди.

Орусиянын президенти Путин аннексияланган Украинанын Донецк, Луганск, Херсон жана Запорожье облустарында аскердик абалды жарыялоо боюнча жарлыкка кечээ кол койду.



Тектеш кабарлар