Украин элине "Сахаров" сыйлыгы

ЕПнын төрагасы Роберта Мецола сыйлыктын "эр жүрөк украин элине" берилгенин жарыялады.

1895316
Украин элине "Сахаров" сыйлыгы

Адам укуктары жана ой эркиндиги жаатында Европа Парламенти (ЕП) тарабынан жыл сайын берилүүчү "Сахаров" сыйлыгы быйыл “Украина элине” ыйгарылды.

Франциянын Страсбург шаарында ЕПнын Башкы ассамблеясынын жыйыны уланып жатканда ЕПнын төрагасы Роберта Мецола сыйлыктын "эр жүрөк украин элине" берилгенин жарыялады.

Сыйлыктын Орусияга каршы «согушкан, качууга аргасыз болгон, жакындарынан жана досторунан ажыраган, ишеними үчүн күрөшкөн» украиндерге берилгенин айткан Метцола: «Эр жүрөк украин элинин эч качан баш тартпай турганын билемин, биз да баш тартпайбыз»,-деди.

Метцола Орусиянын 24-февралда баштаган согуштун украин элине чоң чыгым алып келгенин, украиндердин үйү, жерлери, көз карандысыздыгы үчүн гана эмес, демократия, мыйзамдын үстөмдүгү жана европалык баалуулуктар үчүн да күрөшүп жатканын билдирди.

Советтик физик жана саясий оппозициячыл Андрей Сахаровдун ысымы менен аталган сыйлык 1988-жылдан бери ЕП тарабынан жыл сайын ой эркиндигин коргогон инсандарга же мекемелерге берилип келет.

Быйылкы сыйлыктарды тапшыруу аземи 14-декабрда Страсбургда Европарламенттин Башкы ассамблеясынын жыйыны учурунда өткөрүлөт.

"Сахаров" сыйлыгы былтыр орусиялык оппозициячыл Алексей Навальныйга ыйгарылган болчу.



Тектеш кабарлар