Түндүк Корея түндүктү келишимге баш ийүүгө чакырды

Түштүк Корея Түндүк Кореяны эки өлкөнүн арасында 2018 – жылы кол коюлган аскердик чыңалууну басаңдатууну көздөгөн келишимге баш ийүүгө чакырды.

1895627
Түндүк Корея түндүктү келишимге баш ийүүгө чакырды

Түштүк Корея Түндүк Кореяны эки өлкөнүн арасында 2018 – жылы кол коюлган аскердик чыңалууну басаңдатууну көздөгөн келишимге баш ийүүгө чакырды.

Йонхаптын кабарына караганда, Түштүк Кореянын Биригүү министрлиги билдирүү жасап, буфердик аймактарды бутага алган атуулардын келишимди бузганын белгилеп : «2018 – жылдагы келишимге эки тараптын сый көрсөтүп, ишке ашырылышы керектигин ойлоп жатабыз»,- деди.

Түндүк жана Түштүк Корея 2018 – жылы кол коюлган Панмунжом декларациясы менен чек арадагы аскердик чыңалууну азайтуу чараларын өз ара макулдашкан.

Билдирүүдө : «Түндүктүн бул аракети менен Түштүк Корея менен АКШ  уюштурган биргелешкен аскердик машыгууга нааразычылык билдирүүнү жана токтотуу үчүн кысым жасоону максат кылгандыгы, Түштүктүн Кореялар аралык келишимге каршы мамилесин өлчөөгө аракет кылганы түшүнүктүү»,- деп билдирилди.

Түндүк Корея кечээ жана мурунку күнү АКШ жана Түштүк Кореянын аскердик машыгуусуна жооп иретинде эки өлкөнүн ортосунда аныкталган деңиз буфердик аймактарына артиллериялык атууларды жасады.

"Корея жарым аралындагы кырдаал фронттогу душмандардын кайталанган аскердик провокацияларынан улам начарлап баратат", - деп билдирди армиянын басма сөз катчысы.

Түштүк Кореянын 17-октябрда башталган жылдык аскердик машыгууларын «душмандын Түндүккө каршы согуш машыгуусу» деп мүнөздөгөн катчы артиллериялык аткылоо менен түштүккө дагы бир жолу олуттуу эскертүү бергендерин билдирген.

Түштүк Кореянын башкы штаб төрагалыгы Түндүк Кореянын мурунку түнү Сары деңизде 100, Чыгыш деңизинде 150 жолу артиллериялык аткылоо жасагандыгын, артиллериялык аткылоонун  Түндүк чек ара сызыгынын түндүгүндөгү чыгыш жана батыш буфердик аймактарга түшкөнүн билдирди.



Тектеш кабарлар