Германиянын президенти Штайнмайер Зеленский менен сүйлөштү

Германиянын президентик аппаратынын билдирүүсүнө караганда, Штайнмайер өлкөсүнүн Украинага колдоо жана тилектештигин улантуу убадасын кайталады.

1895634
Германиянын президенти Штайнмайер Зеленский менен сүйлөштү

Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер Украинанын президенти Владимир Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Германиянын Президенттик аппаратынын билдирүүсүнө караганда, Штайнмайер өлкөсүнүн Украинага колдоо жана тилектештигин улантуу убадасын кайталады.

Штайнмайер мунун өлкөнү калыбына келтирүү үчүн аскердик жана жарандык жардамдарды да камтыганын билдирди.

Германиянын кыйраган электр, жылуулук жана суу инфраструктурасынын кайра курулушуна колдоо көрсөтө турганын белгилеген Штайнмайер, Орусиянын маанилүү инфраструктураны бутага алган кол салууларын «варварлык» деп мүнөздөдү.

Украинанын президенти Зеленский да Германиянын колдоосуна ыраазычылык билдирди. Эки лидер Киевде бетме-бет жолугушууга кубанычта болоорун айтышты.

Бир тараптан немис басма сөзүндө орун алган кабарларда Штайнмайердин бүгүн Украинага барууну пландаганы, бирок коопсуздук үчүн бул сапарды кийинкиге жылдырганы маалымдалды.



Тектеш кабарлар