Эммануэль Макрон "Улу" мечиттин 100 жылдыгына арналган аземге катышты
Макрон Францияда мусулмандарга каршы жек көрүү жана ишенбөөчүлүккө уруксат бербей тургандарын айтты.
Франциянын президенти Эммануэль Макрон борбор шаар Париждеги "Улу" мечиттин 100 жылдыгына арналган салтанатка катышты. Эммануэль Макрон аземде сүйлөгөн сөзүндө Франциядагы 3-Республика (1870-1940) мезгилинде мусулмандардын Франция коомундагы орду жана жардамын таануунун көрсөткүчү экендигин айтып, "Улу" мечитти «тарыхтагы бороондон жаралган тынчтыктын бейиши» деп сыпаттады.
Францияда мусулмандарга каршы жек көрүү жана ишенбөөчүлүккө уруксат беришпей тургандарын айткан Макрон : "Бир тарапта француздар, бир тарапта мусулмандар деген нерсе жок",- деди.
Макрон аземде "1922 - 2022, алгачкы көз караш жана алгачкы таш" атуу көргөзмөнү кыдырып, Париж "Улу" мечитинин башкаруучусу Чемс - Эддин Хафызга Франциянын эң бийик мамлекеттик белгиси катары кабыл алынган "Legion d'Honneur" орденин тапшырды.