Эквадордо кичинекей учак кырсыкка учурады

Окуя боюнча иликтөө иштери башталды.

1895376
Эквадордо кичинекей учак кырсыкка учурады

Эквадордо кичинекей учактын кырсыкка учурашы менен 2 адам каза болуп, 1 адам жаракат алды. Гуаякил шаарында 3 кишини ташыган чакан жеке учак башкаруудан чыгып, отурукташуу аймагына келип түшкөн. Кырсыкта учактагы 2 жаран каза болуп, учкуч оор жаракат алган. Окуя болгон жерге барган шаар мэри Синтия Витери учак кулаган жерде эч кимдин жок экенин, бир нече үйдө материалдык зыян болгонун, электр мамыларынын кулашынан улам өрт чыкканын билдирди. Окуя боюнча иликтөө иштери башталды.

 

 



Тектеш кабарлар