Хорватия согушка кийлигишпейт

Зоран Миланович, украин аскерлеринин Хорватияда машыгуу өткөрө турганы тууралуу чет элдик маалымат каражаттарында чыккан кабарларга баа берди.

1894694
Хорватия согушка кийлигишпейт

Хорватиянын президенти Зоран Миланович, украин аскерлерине өз өлкөсүндө машыгуу өткөрүүгө уруксат бербей турганын билдирди.

Зоран Миланович, украин аскерлеринин Хорватияда машыгуу өткөрө турганы тууралуу чет элдик маалымат каражаттарында чыккан кабарларга баа берди.

Орусия менен Украинанын ортосунда 24-февралда башталган согушка өлкөсүнүн эч кандай түрдө аралашуусун каалабаганын билдирген Миланович: «Мен Хорватиянын ашыкча кийлигишүүсүн колдобойм. Биз Украина менен тилектешпиз»,- деп айтты.

Машыгуунун Хорватияда өткөрүлүшүн «согушту өз аймагына алып келүү» деп баалаган Миланович: «Өлкөнүн лидери катары буга жол бербейм. Мен Хорватиянын украин аскерлери машыгуу өткөрө турган өлкөлөрдүн бири экени жөнүндөгү сунушту уккан жокмун»,-деди.



Тектеш кабарлар