Россияда аскердик учак кырсыкка учурады

Кырсыкта 13 киши каза болуп, 19 киши жаракат алган.

1894134
Россияда аскердик учак кырсыкка учурады

Россияда машыгуу үчүн учкан Су  - 34 үлгүсүндөгү аскердик учактын конуштуу аянтта кырсыкка учурашы менен 13 киши каза болуп, 19 киши жаракат алды. Россиянын саламаттыкты сактоо министри Алексей Кузнецов Ейск шаарында болгон учак кырсыгына байланыштуу маалымат берди.

Кечээ кечки сааттарда учуу учурунда моторлордун биринен оттун чыгышы менен кырсыкка учураган учак бир имаратка урунуп, өрттүн чыгышына себеп болду. Кузнецов : «Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиргенине караганда  урандыларды тазалоо иштери аяктады. Окуя болгон жерде сөөктөр табылды. Кырсыкта каза болгон киши саны 13кө жетти. Алардын үчөөсү балдар. 19 киши жаракат алган»,- деди.

Россиянын өзгөчө кырдаалдар министрлиги чыккан өрттөн 68 кишинин куткарылгандыгын, куткаруу иштеринин негизинде окуя болгон жерден эвакуациялангандардын саны 360ка жеткендигин билдирген.



Тектеш кабарлар