Афганистанда полиомиелитке каршы эмдөө жүргүзүлөт

Билл жана Мелинда Гейтс Фонду дүйнө жүзү боюнча, айрыкча Афганистан менен Пакистанда полиомиелит оорусун жок кылуу аракеттерине салым кошуу үчүн 1,2 миллиард доллар берүүнү убада кылган.

1894215
Афганистанда полиомиелитке каршы эмдөө жүргүзүлөт

Афганистандын 22 аймагында балдарды полиомиелитке каршы эмдөө өнөктүгү башталды.

Талибандын Убактылуу өкмөтүнүн саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Шараф Заман Афганистанда полиомиелит оорусунун азайганын, бул жылы Кунар жана Пактика провинцияларында бир учурдун катталганын билдирди.

Шерафет Заман : "Бул шашылыш түрдө ар кайсы облустарда жүргүзүлө турган кампания. Төрт күнгө созулат.  5 жашка чейинки 6 миллионго жакын баланы эмдөөнү пландап жатабыз",- деди.

Афганистан менен Пакистан полиомиелит катталган акыркы эки өлкө болду. Бул жылы  Пакистанда полиомиелиттин 20 учуру, Афганистанда 2 учур аныкталган.

Билл жана Мелинда Гейтс Фонду дүйнө жүзү боюнча, айрыкча Афганистан менен Пакистанда полиомиелит оорусун жок кылуу аракеттерине салым кошуу үчүн 1,2 миллиард доллар берүүнү убада кылган.

 

 

 



Тектеш кабарлар