Москвада жарым-жартылай мобилизация процесси аяктады

Сергей Собянин жазуу түрүндө билдирүү жасады.

1893843
Москвада жарым-жартылай мобилизация процесси аяктады

Орусиянын борбору Москвада жарым-жартылай мобилизация процесси аяктады.

Москва мэри Сергей Собянин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, шаардагы жарым-жартылай мобилизация процессинин бүгүнтөн тарта аяктаганын кабарлады.

Орус президенти Владимир Путин 14-октябрдагы билдирүүсүндө, өлкөсүндөгү жарым-жартылай мобилизациянын алкагында 222 миң кишинин аскерге алынганын белгилеп, болжол менен 2 аптанын ичинде бардык мобилизациялык иш-аракеттердин аяктай турганын маалымдаган эле.

Орусиянын Коргоо министрлиги, 21-сентябрда кабыл алынган жарым-жартылай мобилизация чечиминин алкагында жалпысынан 300 миң кишинин аскерге алынышы пландалганын билдирген. Мобилизация чечими кабыл алынгандан кийин жүз миңдеген орус жарандары өлкөдөн чыгуу үчүн кургактык аркылуу чек арага агылган.

Орусияда эл аралык учак билеттерине болгон суроо-талап да ылдам өсүп, мобилизация жарыяланган биринчи мезгилде көптөгөн шаарларга билеттер сатылып кеткен болчу.



Тектеш кабарлар