Европа Биримдигинен Ганага азык - түлүк жардамы

Европа Биримдиги (ЕБ) Батыш Африка өлкөсү Ганага азык-түлүк коопсуздугу менен күрөшүү үчүн 10 миллион евро бөлдү.

1893262
Европа Биримдигинен  Ганага азык  - түлүк жардамы

Европа Биримдиги (ЕБ) Батыш Африка өлкөсү Ганага азык-түлүк коопсуздугу менен күрөшүү үчүн 10 миллион евро бөлдү.

Улуттук маалымат каражаттары кабарлагандай, Гана менен Европа Биримдиги өлкөдөгү үй-бүлөлөргө айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүгө колдоо көрсөтө турган долбоор үчүн 10 миллион евролук каржылоо келишимине кол коюшту.

Фонд азык-түлүктүөрдү жергиликтүү рынокко  даяр жана ылайыктуу баага алып келе турган жана өлкөдөгү климаттык алмашуу менен күрөшүүнү   колдоого алат.

Европа Биримдигинин Ганадагы өкүлчүлүгүнүн төрага орун басары  Питер Смидт Ван Гелдер билдирүүсүндө, чукул чаранын "согуштун башталышынан жана анын глобалдык азык-түлүк коопсуздугуна тийгизген терс кесепеттеринен кийин рекорддук убакытта" кабыл алынганын айтты.

Европа Биримдигинин  мүчө мамлекеттерди "күчтөрдү бириктирүү жана глобалдык азык-түлүк коопсуздугу кризисине каршы бирге күрөшүү үчүн" мобилизациялап жатканын белгилеген Гелдер фонддун өзгөчө азык-түлүктүн аздыгынан эң көп жабыр тарткан аялуу аймактарда жакырчылыкты, ачарчылыкты жана начар тамактанууну азайтуу аракеттерине жардам берерин айтты.

 

 



Тектеш кабарлар