Венгрияда Россияга карата санкция сурамжылоосу жүргүзүлдү

Сурамжылоого 9 -  декабрга чейин жооп берилери билдирилди.

1893085
Венгрияда Россияга карата санкция сурамжылоосу жүргүзүлдү

Венгрияда Россия  - Укриана согушунан улам Европа Биримдигинин Россияга салган санкциялары тууралуу суроолор орун алган сурамжылоо элге жибериле баштады. 

Венгрия өкмөтүнүн "Улуттук кеңешме" деген аттын астында элге жиберилген сурамжылоодо Россияга карата мунай, жаратылыш газ, чийки зат, атомдук отун жана туризм боюнча санкцияларга байланыштуу 7 суроо бар.

Өкөмөттүн расмий Фейсбук эсебинен берилген маалыматта : "Кеңешүү суроолору бүгүндөн тарта почта кутуларына барат. Сиздер да суроолорду билиңиздер. Биз, Брюссель санкцияларынын бизди кыйратып жатканына ишенебиз. Сиздер да пикриңизди бөлүшүңүз",- деп билдирилди. 

Сурамжылоого 9 -  декабрга чейин жооп берилери билдирилди. 

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан сурамжылоого байланыштуу билдирүүсүндө, Россияга каршы санкциялардын антидемократиялык түрдө күчүнө киргенин белгилеп, Бельгиянын борбор шаары Брюсселдеги бюрократтардын жана европалык элитанын санкциялар боюнча чечим чыгарганын айтты. 

 

 



Тектеш кабарлар