Украина Германиядан абадан коргонуу системаларын алды

Орус күчтөрүнүн кол салуулары уланып жатат.

1891920
Украина Германиядан абадан коргонуу системаларын алды

Украинанын Донецк аймагындагы Авдиевка шаарына орус күчтөрүнүн кол салуусунда 7 жаран каза болду.

Донецктин губернатору Павел Кириленко Telegram аккаунтуна жазган билдирүүсүндө, орус күчтөрүнүн бүгүн эртең менен Авдиевка шаарына ракеталык чабуул жасаганын кабарлады.

Кол салуунун шаардын борборундагы базар аянтына багытталганын белгилеген Кириленко: «Авдиевкадагы жардыруудан кеминде 7 адам көз жумуп, 8 адам жарадар болду. Орустар борбордогу базарды бутага алышты, ал жерде ошол кезде эл көп болчу»,-деп айтты.

Орус күчтөрүнүн кечээ Украинанын ар кайсы аймактарына жасаган кол салууларында 14 жаран каза болуп, 34 киши жараланган.

Украинанын Донецк аймагында орус күчтөрүнүн кол салууларында да 6 жаран каза тапкан.

Донецк губернатору Павел Кириленко социалдык медиа эсебинен жасаган билдирүүсүндө орус күчтөрүнүн Донецк аймагында акыркы 24 саатта жасаган кол салууларында 6 жарандын каза болгонун, 1 жарандын жараланганын белгилеген.

Украина армиясынын түштүк командирлигинен берилген маалыматта, Херсон аймагындагы 5 отурукташуу жеринин орус күчтөрүнөн кайтарылганы кабарланган.

Ошондой эле орус күчтөрү тарабынан Николаев аймагына жөнөтүлгөн 9 камикадзе учкучсуз учуучу аппараттын Украина армиясынын абадан коргонуу системалары тарабынан жок кылынганы маалымдалган.

Украин күчтөрү 29-августта өлкөнүн түштүгүндө, өзгөчө Херсон облусунда орус аскерлерине каршы чабуул баштаган болчу.

Бир тараптан Украинанын коргоо министри Олексий Резников Германиядан абадан коргонуу системаларын өткөрүп алгандарын айтты.

Резников Твиттердеги билдирүүсүндө: «Украинанын абадан коргонуусунда жаңы доор башталды. IRIS-Tлар (абадан коргонуу системасы) Германиядан келди. NASAMS АКШдан келет. Бул башталышы гана. Бизге дагы көп нерсе керек»,- деген эле.



Тектеш кабарлар