Туткун алмашуунун натыйжасында 32 украин аскери бошотулду

Алмашуунун алкагында согушта каза болгон 62 кишинин сөөгүнүн да Орусия тарабынан Украинага кайтарылганы белгиленди.

1891655
Туткун алмашуунун натыйжасында 32 украин аскери бошотулду

Украинанын Коргоо министрлиги, орус тарап менен туткун алмашуунун натыйжасында 32 украин аскеринин бошотулганын билдирди.

Министрликтин жазуу жүзүндөгү билдирүүсүндө: «Биздикилер үйдө. Дагы бир туткун алмашуу ишке ашты»,-деп кабарланды.

Украинанын Президенттик аппаратынын жетекчиси Андрей Ермак да Твиттерден жарыялаган билдирүүсүндө туткун алмашуу тууралуу маалымат берип, 32 украин аскерин өлкөгө алып кеткендерин айтты.

Бошотулгандардын арасында дайынсыз жоголгон кээ бир аскерлердин да бар экенине көңүл бурган Ермак: «Алар айыгышкан салгылашуулар болгон жерлерде эле. Бул адамдардын көбү дайынсыз жоголгон деп эсептелген. Адамдарды кайра алып келүүдөбүз»,-деди.

Алмашуунун алкагында согушта каза болгон 62 кишинин сөөгүнүн да Орусия тарабынан Украинага кайтарылганы белгиленди.



Тектеш кабарлар