Сомалиде Еш - Шебаб операциясы
Операцияда кеминде 50 террорист жок кылынды.
1892025
Сомалиде Еш - Шабаб террордук уюмуна карата операцияда кеминде уюмдун 50 мүчөсү жок кылынды.
Башкы штабдын төрагасы Одоваа Юсуф Рааге эртең менен өлкөнүн Хиран аймагында Еш - Шабабга каршы операция жүргүзүлгөнүн жарыялады.
Билдирүүдө Хиран аймагында уюмдун эң аз 50 мүчөсүнүн таасирсиз абалга келтирилгени белгиленди.
Еш - Шабаб мүчөлөрүнүн кол салуусунан кийин башталган операцияга согуштук учактардын да колдоо көрсөткөнү белгиленди.
Кагылышууда кеминде 3 сомалилик аскер каза болду.
Жисибоу аймагында кечээ Еш - Шабабга каршы жүргүзүлгөн операцияда уюмдун 20 мүчөсү жок кылынды.