Кеме чөгүп 40 киши каза болду

Дайынсыз жүргүнчү жана экипажды издөө- куткаруу иштери уланууда.

1891581
Кеме чөгүп 40 киши каза болду

Конго Демократиялык Республикасынын (KDC) түндүк-батышындагы Конго дарыясында жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташыган кеме чөгүп 40 киши каза болду.

Улуттук басма сөздө орун алган кабарга караганда, көп сандаган жүргүнчүнү ташыган кеме Конго дарыясынын Секлин Вэнджи жээгинде белгисиз себептен улам чөгүп кетти.

Окуяда 40 киши каза болуп, дайынсыз жүргүнчү жана экипажды издөө- куткаруу иштери уланууда.

Кеменин аба ырайынын ыңгайсыз шарттарында жол тартканы, ошондой эле сыйымдуулугунан ашыкча жүк жана жүргүнчүлөрдү ташыганы белгиленди.


Этикеткалар: #Конго дарыясында

Тектеш кабарлар