Япониянын "Эпсилон-6" ракетасы өзүн-өзү жок кылды

Билим берүү, маданият, спорт, илим жана технология министрлиги ракета жок кылынгандан кийин аймак боюнча эч кандай кыйроо катталбаганын маалымдады.

1891607
Япониянын "Эпсилон-6" ракетасы өзүн-өзү жок кылды

Япониянын аэрокосмостук чалгындоо агенттигине (JAXA) таандык "Epsilon-6" тибиндеги ракетанын учуруусу ийгиликсиз аяктады.

JAXA Epsilon-6 ракетасын Япониянын түштүк-батышындагы Кагосима облусунда жайгашкан Учинура космодромунан жергиликтүү убакыт боюнча саат 09.50 чамасында учурду.

Коммерциялык максаттагылар менен бирге 8 спутникти ташыган 26 метр узундуктагы жана 95 тонналык ракета учурулгандан кийин өзүн-өзү жок кылды.

Агенттиктин билдирүүсүнө караганда, көтөрүлүү учурунда көйгөйлөр жаралган ракетанын коопсуз багытын сактай албай тургандыгы аныкталган кийин жок кылынууга буйрук берилген.

Билим берүү, маданият, спорт, илим жана технология министрлиги ракета жок кылынгандан кийин аймак боюнча эч кандай кыйроо катталбаганын маалымдады. 



Тектеш кабарлар