Украинада каза болгондордун саны 19га жетти

Украинанын өзгөчө кырдаалдар кызматы кечээ баш калаа Киев баш болгон көптөгөн шаарларга карай кол салууларда каза болгондор тууралуу билдирүү жасады.

1891156
Украинада каза болгондордун саны 19га жетти

Орус күчтөрүнүн кечээ Украинанын кээ бир шаарларына кол салууларынан каза болгондордун саны 19га жеткени, 105 кишинин жараланганы билдирилди.

Украинанын өзгөчө кырдаалдар кызматы кечээ баш калаа Киев баш болгон көптөгөн шаарларга карай кол салууларда каза болгондор тууралуу билдирүү жасады.

Билдирүүдө кол салуулардан улам каза болгондордун саны 19га жеткени, 105 кишинин жараланганы белгиленди.

Кечээтен бери 301 калктуу конуш, анын ичинде Киев жана Львов аймактары жарыксыз калганы кабарланды.

Орус күчтөрү кечээ Украинанын көптөгөн шаарларына, өзгөчө Киев, Львов жана Днепрге ракеталар, снаряддар жана камизаке учкучсуз учуучу аппараттары менен кол салды.



Тектеш кабарлар