Прагада төрт тараптуу жолугушуу болду

Сүйлөшүү болжол менен бир саатка созулду.

1889576
Прагада төрт тараптуу жолугушуу болду

Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Франциянын президенти Эммануэль Макрон, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жана Европа Биримдиги (ЕБ) кеңешинин төрагасы Шарль Мишель Азербайжан менен Армениянын ортосунда тынчтыкты орнотуу боюнча төрт тараптуу сүйлөшүү өткөрүштү.

Лидерлер Европа саясий шериктештигинин жыйынына катышуу үчүн барган Чехиянын борбору Прагада жолугушушту.

Бир саатка жакын созулган сүйлөшүүдөн кийин билдирүү жасаган Илхам Алиев акырындык менен тынчтыкка жакындай баштаганын үмүт кылганын айтып, Европа кеңешинин төрагасы Мишелдин бул тармактагы ишин жогору баалаганын белгиледи.

Алиев: «Төрт тараптуу жолугушууда да маанилүү маселелер талкууланды, менимче бул жолугушуу тынчтык келишимине жетишүү жагынан маанилүү. Сүйлөшүүлөр дагы деле уланууда. Азыр тынчтык жараяны тездетилди»,-деди.

Төрт тараптуу жолугушууга байланыштуу жарыяланган биргелешкен билдирүүдө да, Европа Биримдигинин (ЕБ) Азербайжан менен Армениянын ортосундагы чек араны аныктоо аракеттерине колдоо көрсөтүү үчүн аймакка убактылуу жарандык миссияны жөнөтө турганы белгиленди.

Билдирүүдө Азербайжан менен Армениянын Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Уставы жана 1991-жылкы Алма-Ата декларациясынын чек араны демаркациялоо комиссияларынын ишинин негизин түзөрүн ырастаганы айтылды.

Чек араны аныктоо комиссияларынын жыйынынын айдын аягында Бельгиянын борбор шаары Брюсселде өткөрүлөрү маалымдалды.



Тектеш кабарлар