Гималайдагы кар көчкүдөн каза болгондордун саны 26га жетти

Дайынсыз жоголгон үч адамды издөө-куткаруу иштеринин уланып жатканы маалымдалды.

1890056
Гималайдагы кар көчкүдөн каза болгондордун саны 26га жетти

Гималайдын Индия бөлүгүндөгү кар көчкүдөн каза болгондордун саны 26га жетти.

Жетекчилер Уттаракханд облусундагы Неру альпинизм институтунун 41 стажер жана машыктыруучусунан 26сынын кар көчкү түшкөндө окуя болгон жерде каза болуп, 12синин куткарылганын билдиришти.

Дайынсыз жоголгон үч адамды издөө-куткаруу иштеринин уланып жатканы маалымдалды.

Уттаракханддын полиция башчысы Ашок Кумар 4-октябрда аймактагы Гархвал Гималайынын чокусуна кар көчкү түшкөнүн кабарлаган.

Өткөн жылы Гималайдагы мөңгү себеп болгон жер көчкү жана суу ташкындарынан кеминде 200 адам каза тапкан.


Этикеткалар: #Гималайдын

Тектеш кабарлар