Андерссон: «Эрдоган менен жакшы диалог өткөрдүк»

Андерссон Прагада президент Эрдоган менен жолугушту.

1889690
Андерссон: «Эрдоган менен жакшы диалог өткөрдүк»

Швециянын премьер-министри Магдалена Андерссон президент Режеп Таййип Эрдоган менен жолугушуусуна байланыштуу: «Жакшы диалог өткөрдүк»,-деди.

Магдалена Андерссон Европа саясий шериктештигинин саммитине барган Чехиянын борбор шаары Прагада президент Эрдоган менен жолугушту.

Жолугушуудан кийин Швециянын ТТ маалымат агенттигине билдирүү жасаган Андерссон: «Эрдоган менен жакшы диалог өткөрдүк»,- деди.

Испаниянын борбор шаары Мадридде июнь айында өткөрүлгөн НАТО саммитинин алкагында кол коюлган Үчтүк меморандумга баш ийгендерин белгилеген Андерссон, Эрдоганга ушул алкакта Түркияга курал экспорту эмбаргосунун жоюлганын айтканын билдирди.

Магдалена Андерссон өлкөсүндө келерки аптада жарыяланышы күтүлүп жаткан жаңы өкмөттүн да келишимди аткара турганын баса белгиледи.



Тектеш кабарлар