Жакырчылыкты жоюу максаты

Дүйнөлүк банк Жакырчылык жана жалпы жыргалчылык боюнча отчетунун 2022-жылдагы санын жарыялады.

1889117
Жакырчылыкты жоюу максаты

2030-жылга чейин өтө жакырчылыкты жоюу максатына жетүү мүмкүн эместей сезилет.

Дүйнөлүк банк Жакырчылык жана жалпы жыргалчылык боюнча отчетунун 2022-жылдагы санын жарыялады.

Өтө жакырчылыкты азайтуу багытындагы глобалдык прогресстин токтоп калганына көңүл бурулган отчетто, эгер алдыдагы 10 жылда экономикалык өсүү темптери болбосо, дүйнөнүн 2030-жылга чейин өтө жакырчылыкты жоюу максатына жетүүсүнүн күмөн экени белгиленди.

Отчетто жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) пандемиясынын, 1990-жылдан бери жүргүзүлүп келе жаткан дүйнөлүк жакырчылыкты кыскартуу аракеттерине эң чоң сокку ургандыгы, Украинада 24-февралда башталган согуштун да абалды ого бетер оорлотуу коркунучу бар экени айтылды.

Ковид-19 пандемиясынын 2020-жылы болжол менен 70 миллион адамды өтө жакырчылыкка түрткөндүгү болжолдонгон отчетто, мунун глобалдык жакырчылык көзөмөлдөнүп баштаган 1990-жылдан берки эң чоң жылдык артыш болгону билдирилди.

Отчетто өтө жакырчылыкта жашаган адамдардын саны 2020-жылы 11 пайызга өсүп 719 миллионго жеткени кабарланды. 

2020-жылды тарыхый бурулуш катары сыпаттаган отчетто пандемиядан эң жакыр адамдардын эң көп жабыр тарканы маалымдалды.

Дүйнөлүк банктын отчетунда айтылгандай, азыркы тенденцияларды эске алганда 600 миллионго жакын адам, негизинен Африкада 2030-жылга чейин күнүнө 2,15 доллардан аз акчага жашайт.

Отчетто өтө жакыр адамдардын 60 пайызынын Түштүк Африкада экени жана аймактагы жакырчылыктын 35 пайызга жеткени кабарланды. 

Дүйнөлүк банктын төрагасы Дэвид Малпасс да отчетко байланыштуу билдирүү жасап: «2030-жылга чейин өтө жакырчылыкты жоюу боюнча глобалдык максатка жетүү мүмкүн эместей сезилет»,- деди.



Тектеш кабарлар