Түндүк Кореянын Япон деңизине эки баллистикалык ракета учурганы билдирилди

Япониянын премьер - министри Кишида Фумио сыноону айыптап, Пхеньян администрациясынын акыркы ракета сыноолорун «кабыл алынгыс» деп билдирди.

1889115
Түндүк Кореянын Япон деңизине эки баллистикалык ракета учурганы билдирилди

Түштүк Кореянын башкы штабы кыска аралыктуу эки баллистикалык ракетанын Пхеньян жакындарындагы Самсок аймагынан жергиликтүү убакыт боюнча саат 06:01 жана 06:23тө учурулгандыгын билдирди. Япониянын Коргоо министри Хамада Ясуказу максималдуу 350 жана 800 километр бийиктикке жеткен ракеталардын Япон өзгөчө экономикалык  аймагынын тышына түшкөндүгүн айтты. 

Ракеталар түшкөн Япон деңизинде бара жаткан кеме жана учактарда эч кандай чыгымдын аныкталбагандыгын белгилеген министр Хамада Түндүк Кореяга нааразылык нотасы берилгенин билдирди.

Япониянын премьер - министри Кишида Фумио сыноону айыптап, Пхеньян администрациясынын акыркы ракета сыноолорун «кабыл алынгыс» деп билдирди.

Акыркы ракетанын АКШнын атомдук күч менен иштеген "Роналд Рейган" учак конуучу кеменин Түштүк Корея менен биргеликте машыгуу үчүн аймакка кайрадан жайгаштырылышынан кийин учурулушу көңүлдөрдү бурду. 

Түндүк Корея акыркы 12 күндө 6 -  сынагын ишке ашырылды. 2017 - жылдан бери биринчи жолу  4 - октябрда баллистикалык ракета Япониянын түндүк - чыгышынан өтүп, Тынч океанына  түшкөн.

2022 - жылдын башынан бери Пхеньян башкаруусунун БУУнун чечимдерин бузуп, 20дан ашуун түрдүү аралыктарда  баллистикалык ракета сыноосун ишке ашыргандыгы белгилүү. 

 



Тектеш кабарлар