Россиянын Украинадагы аракеттери

Россиянын Коргоо министрлиги Украинанын Донецк аймагындагы Зайцево конушунун орус күчтөрү тарабынан көзөмөлгө алынганын билдирди.

1889458
Россиянын Украинадагы аракеттери

Россиянын Коргоо министрлиги Украинанын Донецк аймагындагы Зайцево конушунун орус күчтөрү тарабынан көзөмөлгө алынганын билдирди.

Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков 24 - февралда башталган Россия - Украина согушундагы орус аскердик күчтөрүнүн аткарган кыймылдары тууралуу маалымат берди.

Украина армиясынын Купянск багытындагы кол салууларынын мизин кайтарганын билдирген Конашенков кагылышууда 120дан ашуун украин аскеринин таасирсиз абалга келтирилгенин, 5 танк, 12 броне унаа жана 14 унаанын жок кылынганын айтты.

Конашенков Харьков аймагында 2 украиналык саботаж жана чалгындоо тобунун таасирсиз абалга келтирилгендигин айтып : "Артёмовск багытында союздаш күчтөрдүн чабуулунун натыйжасында Донецк Элдик Республикасынын Зайцево конушу бошотулду. Бул жерде 120дан ашуун украин жоокери зыянсыздандырылды жана 3 жөө аскердин согуштук унаасы жок кылынды",- деди.

Акыркы 24 саатта Украинанын куралдуу күчтөрүнө таандык 8 штабга сокку урулганын, 4 ок - дары кампасынын жок кылынганын айткан Конашенков, 2 согуштук учак жана 9 учкучсуз учуучу аппараттын атып түшүрүлгөнүн маалымдады.

Конашенков : «Учурда 315 учак, 157 тик учак, 2160 учкучсуз учуучу аппарат, 379 абадан коргонуу ракета системасы, 5412 танк жана бронетехника, 862 көп стволдуу ракета аткыч, 3452 гаубица жана минометтор, 611 жеке менчик унаалар жок кылынды",- деди. 



Тектеш кабарлар