Пакистанда фура менен автобус кагышты

Кырсыктан 10 киши каза болуп, 13 киши жаракат алды.

1889296
Пакистанда фура менен автобус кагышты

Пакистандын Синд облусунда жүргүнчү ташыган автобус менен жүк ташуучу унаанын кагышуусунан алгачкы маалыматтарга караганда, аялдар жана балдар да арасында болгон 10 адам каза таап, 13 киши жаракат алды.

Улуттук маалымат каражаттары кабарлагандай, Пенжабдан Карачиге бараткан жүргүнчү автобусу Синд провинциясынын Сан районунда жүк ташуучу унаа менен кагышты.

Кырсыктан алгачкы аныктамаларга караганда 10 киши каза болуп, 13 киши жаракат алды. Каза болгондордун арасында фуранын жана автобустун айдоочулары да бар.

Пакистандын статистика бюросунун маалыматына караганда, өткөн жылы өлкөдө болгон 10 миң 379 жол кырсыгында 4 миң 566 адам каза тапкан.


Этикеткалар: #Синд облусунда

Тектеш кабарлар