Нигерия жарандарын эбола боюнча эскертти
Нигерия Ооруларды көзөмөлдөө борборунун билдирүүсүндө Уганда өлүмгө алып келген эпидемияга каршы күрөшүн улантып, вирустун Африканын башка өлкөлөрүнө жайылуу коркунучу бар экени белгиленди.
Нигерия өз жарандарын эбола вирусунун өлкөдө жайылуу коркунучу тууралуу эскертти.
Нигерия Ооруларды көзөмөлдөө борборунун билдирүүсүндө Уганда өлүмгө алып келген эпидемияга каршы күрөшүн улантып, вирустун Африканын башка өлкөлөрүнө жайылуу коркунучу бар экени белгиленди.
Маалыматта : "Колдо болгон маалыматтарга таянсак, эбола вирусунун Нигерияга жайылуу коркунучу жогору. Эболанын Судан вариантында учурда дарылоо үчүн эффективдүү дары же алдын алуу үчүн лицензияланган вакцина жок",- деп билдирилди.
Коомчулук вируска каршы сергек болуу боюнча эскертилген билдирүүдө Нигериянын да эпидемияга эффективдүү жооп берүү үчүн жабдылганы белгиленди.
Угандада биринчи жолу 19 - сентябрда 24 жаштагы бир кишиде аз кедшекен жана Судан варианты экендиги белгиленген эбола вирусу аныкталган. Геморрагиялык ысытмаларга жол ачкан эбола биринчи жолу 1976 - жылы Судандын Нзара жана Конго Демократиялык Республикасынын Яюмбуку шаарларында бир убакта эпидемиялар менен ортого чыккан.
Конго Демократиялык Республикасындагы эпидемия Эбола дарыясына жакын бир айылда чыккандыктан ооруга бул дарыянын аты берилген. Эбола 2013 - жылы декабрь айында Батыш Африкада жайылган. Гине, Либерия жана Сиерра Леонеде 2014 - 2017 - жылдары чыккан эпидемияда 30 миң кишиге вирус жугуп, бейтаптардын 11 миңден ашууну каза болгон.
Тектеш кабарлар
Газада менингит жана гепатит жайыла баштады
Бул тууралуу Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен жазуу түрүндөгү маалымат берилди.