Иранда болгон жер титрөөдө 1127 киши жараланды

Иран мамлекеттик телеканалы Түркия чек арасына жакын Хой шаарында кечээ жергиликтүү убакыт боюнча саат 03:51де күчү 5,4 баллга жеткен жер титирөө болгонун кабарлады.

1889165
Иранда болгон жер титрөөдө 1127 киши жараланды

Ирандын Батыш Азербайжан провинциясынын Хой шаарында кечээ болгон жер титирөөдө 1127 адам жаракат алды.

Иран мамлекеттик телеканалына маалымат берген чукул жардам агенттигинин басма сөз катчысы Мужтеба Халиди Батыш Азербайжан провинциясында жердин 10 километр тереңдигинде болгон жер титирөөдө 1127 кишинин жараланганын билдирди.

Халиди жараланган 116 кишинин 111инин Хойдо, 5шинин Селмаста дарыланганын, 71 кишинин операция болгонун, бир кишинин реанимацияда экендигин айтты.

Батыш Азербайжандын губернатору Мухаммед Садык Мутедедиян Иран мамлекеттик теле каналына берген маегинде жер титирөөлөрдөн улам элеттеги 50 үй толугу менен кыйрап, 500 үйдүн жабыркаганын айтты.

 

Иран мамлекеттик телеканалы Түркия чек арасына жакын Хой шаарында кечээ жергиликтүү убакыт боюнча саат 03:51де күчү 5,4 баллга жеткен жер титирөө болгонун кабарлады.

Апаат жана чукул абалдарды башкаруу төрагалыгы АФАД эпицентринин Вандын Башкале районуна  62 километр аралыгында экендиги аныкталган жер титирөөнүн 5,6 чоңдукта экендигин жарыялаган. Соцтармактагы маалыматтарда жер титирөөнүн Ван жана Хаккариден да  сезилгендиги маалымдалган. 

 

 



Тектеш кабарлар