Йеменде мина жарылды

Йемендин Мариб провинциясында минанын жарылуусунан 2 бала каза болуп, бир бала жаракат алды.

1889385
Йеменде мина жарылды

Йемендин Мариб провинциясында минанын жарылуусунан 2 бала каза болуп, бир бала жаракат алды.

Өлкөдөгү бейөкмөт уюм болгон Мина байкоо үйүнөн берилген маалыматта Марибдин Межрар шаарында мина жарылып, 8 жана 12 жаштагы эки баланын каза болгондугу, бир баланын жаракат алгандыгы белгиленди. 

БУУдан 2 -  майда берилген маалыматта Йемендеги миналардын өлкөнүн бир топ аймагында чоң коркунуч туудургандыгы белгиленген. Йемен өкмөтү жана адам укуктарынын отчетуна караганда Иран колдогон хуси  куралдуу күчтөрү жарандык согуш башталган 2014 -  жылдан бери жалпы өлкөдө 2 миллионго жакын мина төшөдү. Бул миналар миңдеген жарандын өлүмүнө же  жаракат алышына себеп болду. Йемендеги Иран колдогон хусилер 2014 -  жылдын сентябрь айынан бери борбор шаар Сана жана айрым аймактардын көзөмөлүн колго алган. Сауд Арабиянын жол башчылыгындагы коалиция күчтөрү 2015 -  жыл март айынан тарта хусилерге каршы Йемен өкмөтүнө колдоо берүүдө. 

 

 



Тектеш кабарлар